Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Баткен облусуЛейлек району 02.05.2018 18:15

Айыл турмушу: Лейлектик М.Набиев ачкан ветеринардык пунктта мал 1,5 миң сомдон уруктандырылууда (фото)

Turmush -  Лейлектик жаш ветеринар Медербек Набиев малдын асыл тукумдуулугун жогорулатуу үчүн жасалма уруктандыруучу пункт ачып иштетип жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, уруктандыруучу пункттун долбоорун жазган. Жыйынтыгында Европа биримдиги тарабынан 7,5 миң евролук кайтарымсыз колдоо таап, анын 30%ын өзүнөн жумшап, 2017-жылдын октябрь айында пунктту ишке киргизген. Андан бери 300дөй мал жасалма уруктандыруудан өттү. Учурда мында уйларга абердин-ангусс, симментал, жана Кыргызстандын Ала-Тоо породаларындагы букалардын уруктары салынууда.

Лейлек районунда мындай пункттар жок болгондуктан мындагы ветеринарлар буйрутманын негизинде ар бир үйгө барып, малды уруктандырышат. Учурда жөнөкөй малдын 1 жаштагы торпогу 15 миң сомдон сатылса, асыл тукум малдын 8 айлык торпогу 35 миң сомдон бааланууда.

«Өзүмдүн кесибим ветеринар болгондуктан бул тармакта мыкты иштөөнү чечтим. Окууну бүткөндөн соң, мал чарбачылыгын өстүрүү үчүн атайын долбоор жаздым. Жыйынтыгында пунктту ачып, элге кызмат кылуудабыз. Малды 1500 сомдон уруктандырабыз. Биринчи урук салынганда жыйынтык болбой калышы мүмкүн. Аны кайрадан 1,5 миң сомдон уруктандырсак фермерге оор болуп калат. Ошондуктан экинчи жолу уруктандыруу акысыз болот», - деди ал.

Ветеринардык пунктта 4 кызматкер иштеп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×