Бөлүмдөр
Шаршемби, 15-август
Баткен

Лейлектин 90 жылдыгына карата «Даңазалуу Лейлегим» үгүт кербени уюштурулду

Turmush -  Лейлек районунун 90 жылдыгына карата «Даңазалуу Лейлегим» үгүт кербени уюштурулду. Бул тууралуу жергиликтүү бийлик өкүлдөрү билдиришти.

Маалыматка караганда, анын курамына акимчиликтин, ардагерлер кеңешинин өкүлдөрү, маданият кызматкерлери кирди. Үгүт кербендин максаты — райондун 90 жылдык мааракесине даярдык көрүү. Анын алкагында райондогу ар бир айылдын тарыхы такталат. Андыктан бүгүнкү иш-чарада элеттердеги тарыхчы мугалимдер баяндама жасап, маалымат беришти. Алардын баяндамалары топтолуп, энциклопедияга киргизилет.

Ошондой эле ар бир айылдагы энелерден түзүлгөн «Шайыр апалар» топтору чакан концерттик программа тартуулады. Жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары көркөм окулуп, сахналаштырылган көрүнүштөр аткарылды.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 926
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×