Бөлүмдөр
Шаршемби, 15-август
Баткен

Айыл турмушу: Лейлекте 12 үй-бүлө балык чарба ачып, жылына 500 миң сомдой киреше табууда (фото)

Turmush -  Лейлек районунун Коргон айылындагы 12 үй-бүлө балык чарбасын уюштуруп, киреше таап жатат. Аймактык кабарчы алардын иши менен таанышып кайтты.

Балык чарбанын мүчөсү Маруф Хакимовдун айтымында, жамааттык чарба 2 жылдан бери иштеп, жылына 500 миң сомдой киреше түшөт.

«Бул көлмөдө балыктын 6 миңдей чабактары бар. Алардын 4 миңи 1 ай мурда алынып келинген. Чабактар 1 жыл дегенде жетилип, Лейлектин базарларына сатыкка чыгат. Азыркы кошулган беломор чабактары кийин жетилип, салмагы 1 кг чейин жетет. Бул балыктарды Өзгөн шаарынан алып келебиз. Чарбанын курамында 12 үй-бүлө бар. Балыкчылыкты баштоого 450 миң сом сарпталды. Түшкөн кирешени барыбыз бөлүп алабыз», - деди Хакимов.

Балык чарбанын жетекчиси Икрам Бөрүбаевдин айтымында, балык чарбага жылына 100 миң сомдой акча сарпташат.

«Азыр бул жерде балыктын беломор, карп толстолобик деген 3 түрү бар. 5 сотых аянтка курулган көлмөдө 6 миңдей чабак бар. Жылдык киреше 500 миң сомду түзүп, чарба мүчөлөрү бөлүп алабыз. Максатыбыз — иш менен камсыз болуп, акча табуу. Ошондой эле элди таза балык эти менен камсыз кылуу», - деди Бөрүбаев.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1268
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×