Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Баткен облусуЛейлек району 24.04.2018 08:12

Өлкөнүн эң четки айылы: Көк-Таш айылынын эли башка жактарга көчүп кетип жатат (фото)

Turmush -  Лейлек районунун Көк-Таш айылындагылар жолдун начардыгынан кыйналып жатышат. Бул тууралуу жергиликтүүлөр билдиришти.

Алардын айтымында, Көк-Таш айылынан Сумбула айыл өкмөтүнө чейинки 20 чакырымдай жолдо ушул убакка чейин оңдоо иштери жүргөн эмес.

«Айыл тоолуу, деңиз деңгээлинен 1800 метр бийликте жайгашкан. Жолдорубуз тоо аралап келет. Бул айыл Кыргызстандын башталышы, эң четки айыл. Жолубуз оңдолгон эмес. Кышында кардан, жазында жамгырдан кыйналабыз. Жол ылай, көлчүк болуп кетет. Асфальт бир да жолу төшөлгөн эмес. Ушул жолубузду оңдоп беришсе жакшы болмок. Быйыл Аймактарды өнүктүрүү жылында көңүл бурулар деп турабыз. Жеңил унаалар кээ бир жерлеринде жүрө албайт. Аң-чункурларда жүрө берип, унаалар да тез бузулат», - деди Көк-Таш айылынын тургуну Хасан Нургазиев.

Көк-Таш айылынын башчысы Абдималик Амиракуловдун айтымында, элет Тажикстандын 10дон ашуун айылы менен чектешсе дагы чек арадагы айыл макамын ала элек.

«Биздин айылда 600дөн ашык кожолук бар. Тажикстандын 10дон ашык айылы менен чектешип турабыз. Кыш кеч кетип, эрте келет. Азыр дагы кар кете элек. Быйыл дагы кыш эрте кетти. Жашылча-жемиш өстүрө албайбыз. Ар бир кожолукта бирден киши миграцияда жүрөт. Анткени айылда жумуш жок. Дыйканчылык болбойт. Бала бакча жок. Элдин көпчүлүгү шаарга көчүп кетип жатышат. Жолубуз начар абалда жылына бир жолу сүрдүрүлүп турат. Кышкысын кар көп жазганда каттамдар токтоп калат. Мамлекет тарабынан көңүл бурулуп чек арадагы айыл макамын беришсин. Суу көйгөйүбүз бар. Ошолорго көңүл бурулар эле. Салыкты жеңилдетишсин», - деди Амиракулов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×