Бөлүмдөр
Шаршемби, 15-август
Баткен

Лейлектеги чек арадагы айылда тажик-кыргыз жаштарынын футбол мелдеши өтүүдө

Turmush -  Бүгүн, 17-мартта Лейлек районунун Арка айылында жаңы ачылган футбол аянтчасынын ачылышында тажик-кыргыз жаштарынын ортосунда футбол боюнча мелдеш өтүүдө. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Маалыматка караганда, Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн жаштары менен Тажикстандын Хистеварз айылынын жаштары мелдешүүдө.

Тажикстандан келген оюнчулардын айтымында, буга чейин 2 улуттун жаштары үчүн аянтча жок болчу. Эми эки тарап үчүн аянтча курулуп, бүгүнкү мелдештин жыйынтыгы менен 2 улуттан команда түзүүнү көздөшүүдө. Аянт бейөкмөт уюмдар тарабынан атайын долбоордун алкагында курулуп, 26 миң доллар сарпталган. Анын 800 миң сому айыл өкмөт тарабынан каржыланган.

«Биз чек ара аймагында жашагандыктан, коңшу өлкө менен ынтымакта жашообуз керек. Андыктан жаштар ортосунда достукту бекемдөө максатында спорттук аянтчаларды ачып, 2 тараптуу мелдештерди өткөрүп жатабыз. Келечекте булардан мыкты курама командалар чыгат деп үмүттөнөбүз», - деди айыл өкмөт башчысы Саатбек Эргешов.

Учурда Жаңы-Жер айыл өкмөтүндө мындай футбол аянтчадан төртөө бар.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1143
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×