Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-июль
Баткен

Лейлекте өзүнөн улуу адамды коркутуп, 20 миң сомдук телефон алып беришин талап кылган жигит кармалды

Turmush -  Лейлек районунун Исфана шаарында башка адамды «20 миң сомдук телефон алып бересиң» деп коркутуп жүргөн 27 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, кармалган Г.Э. февраль айынан тарта 47 жаштагы Б.Ш. аттуу адамга өзүн «уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүмүн» деп тааныштырып, телефон алып берүүсүн талап кылган.
Баткен ОИИБдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн «Каракчы» рейдинин жүрүшүндө кылмышка шектүү катары Лейлек районунун Чимген айылынын 1991-жылы туулган тургуну Г.Э. кармалды. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 170-беренесинин (опузалап талап кылуу) негизинде кылмыш иш козголуп, иликтөө иштери жүрүп жатат. Кармалган адамга карата сот тарабынан эч жакка кетпөө өкүмү чыгарылды.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1550
Көп окулду
×