Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-апрель
Баткен

Лейлекте таш кулоо коркунучу бар айылдын элине башка жер берүү аракети көрүлөт

Turmush -  Лейлек районунун акими Баймурат Бекмуратов таш кулоо коркунучу бар Өзгөрүш айылынын тургундары менен жолугушуп, жер бөлүп берүүгө аракет көрүлө турганын билдирди. Бул тууралуу акимчиликтен билдиришти.

Маалыматка караганда, Катраң айыл өкмөтүнө караштуу Өзгөрүш айылындагы тургундардын үйлөрүнө таш кулоо коркунучу жаралып келет. Аларга башка жайдан жер тилке берүү зарылчылыгы бар. Жыйынтыгында элдин талабына ылайык Кулунду айыл өкмөтүнүн Майты участкасынан 14 үй-бүлөгө жер бөлүнүп берүү маселеси каралмай болду. Катраң айылында кооптуу делген 10 ашык жерде жайгашкан үйлөр бар. Тагыраагы 40 ашуун адам жашайт. 2007-жылы катуу жер титирөөнүн айынан ушул эле айылдагы 10дон ашуун үйгө таш кулап, жарактан чыккан. Айыл тоо астында жайгашкан үчүн таш кулоо коркунучу бүгүнкү күнгө чейин сакталып келет.

Буга чейин 13-мартта ӨКМ Лейлек районунда тоолуу аймактарда таш кулоо коркунучунда жашап жаткан тургундарга жер берүү маселеси жергиликтүү бийлик тарабынан чечилбей жаткандыгын билдирген болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 803
Көп окулду
×