Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Баткен облусуЛейлек району 01.03.2018 16:20

Лейлекте интернет байланышы жакшы иштебей жатат

Turmush -  Лейлек районунун аймагында интернет байланышы жакшы иштебей келет. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдиришти.

Маалыматка караганда, айрым мекеме-ишканаларда интернетке байланышкан жумуштарды аткарууда кыйынчылык жаралып жатат.

Ал эми «Кыргызтелеком» ААКтын Баткендеги филиалынын директору Байыш Закировдун айтымында, Интернет байланышы Лейлек районуна кабель менен эмес, радиорелейдин жардамы менен берилет. Кыш мезгили болгондуктан телемунараларга чыгууда бир аз кыйынчылыктар бар. Март айынан тарта радиорелейдик жабдуулар аркылуу интернетти кеңейтүү иштери жүргүзүлөт. Анын жыйынтыгында жалпы Лейлек районунун аймагында интернет түйүнү жакшыртылат.

«Кыргызтелеком» ААКтын Баткендеги филиалынын Лейлек районунан 600дөн ашык абоненти бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×