Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-сентябрь
Баткен облусуЛейлек району 20.02.2018 14:29 На русском

С.Жээнбеков Лейлекте чек арачыларга батирлердин ачкычтарын тапшырды

Turmush -  Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-февралда Лейлек районунун Исфана шаарында Мамлекеттик чек ара кызматынын кызматчылары үчүн курулган көп батирлүү үйдүн ачылышына катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады.
Президент жаңы конуш ээлерин куттуктап, мамлекет чек арачылардын турмуш шартын жакшыртууга өзгөчө көңүл буруп жатканын белгиледи.
«Мамлекет коопсуздугу чек арадан башталат. Ошондуктан бүгүн мен чек ара кызматчылары үчүн жаңы үйдүн ачылышына катышып жатканыма кубанып жатам. Акыркы жылдары мамлекет өз армиясына, чек арачыларга ар тараптан камкордук көрө баштады. Бул иште мурдагы мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаевдин эмгеги чоң. Биз мындан ары да Куралдуу күчтөрдү, анын ичинде Чек ара аскерлерин ар тараптан бекемдеп, аскер кызматчыларынын жашоо-тиричилигин, кызматтык шарттарын жакшыртабыз», - деди Жээнбеков.
Мамлекет башчысы кошуна өлкөлөр менен тынчтыкта жана ынтымакта жашап, проблемаларды сүйлөшүүлөр аркылуу чечүү керектигин баса белгиледи.
«Алыскы туугандан жакынкы коңшу» дегендей, биз коңшуларыбыз менен ынтымакта жашоону жактайбыз. Биздин чек араларыбыз жакшы коңшулардын, достуктун дарбазасына айланууга тийиш. Коңшу өлкөлөргө менин визитимдин жүрүшүндө Өзбекстандын президенти Шавкат Миромонович Мирзиёев менен биз көптөгөн маселелер боюнча өз ара кабыл ала турган чечимдерге жетише алдык. Мурда Өзбекстан менен чек аранын 85 % аныкталган. Биз бул багытта диалогду улантабыз. Тажикстан менен дагы чек ара маселелери боюнча сүйлөшүүлөр жакшы нукта улантылууда», - деди мамлекет башчысы.
Сооронбай Жээнбеков көптөгөн кыйынчылыктарга жана көйгөйлөргө карабастан, ата конушун таштап кетип калбай чек ара боюндагы аймактарда жашап жана эмгектенип жаткан кыргызстандык жарандарга ыраазычылык билдирди.

Мамлекет башчысы жаңы курулган үйдүн короосунда балдар ойной турган аянтча куруу үчүн 200 миң сомдук сертификатты тапшырып, жаңы батирлерди кыдырып көрдү жана жаңы конуштардын бактылуу ээлери менен маектешти. Андан соң жалпы сүрөткө түштү.

Исфана шаарындагы 24 батирлүү үйдүн (1 бөлмөлүү 18, 2 бөлмөлүү 6 батир) курулушу 2016-жылдын ноябрь айында башталган.

КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын жетекчиси Раимберди Дүйшембиевдин айтымында, 24 батирлүү үйдүн курулушу 2015-жылы ноябрь айында башталып, 2017-жылы октябрь айында бүткөн. Курулушка кеткен 38 млн сом мамлекет тарабынан каржыланды. Учурда Кыргызстанда аскер кызматкерлери үчүн 500 батирлүү үй курулуп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×