Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Баткен облусуЛейлек району 20.02.2018 10:47 На русском

Лейлек районунун акими Б.Бекмуратовго сөгүш берилди

Turmush -  Лейлек районунун акими Баймурат Бекмуратовго сөгүш жарыяланды. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

Маалыматка караганда, тиешелүү буйрукка премьер-министр Сапар Исаков 14-февралда кол койгон. Акимдин сөгүш алуусуна милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы себеп болгон.

Өздүк булактар аталган сөгүш кыргыз-тажик чек арасындагы окуядан кийин жарыялангандыгын билдиришти. Иликтөөнүн жыйынтыгында өкмөт райондун акими маселени көзөмөлдөө боюнча жергиликтүү деңгээлде чара көргөн эмес деген бүтүмгө келишкен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×