Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-апрель
Баткен

Лейлектеги Ак-Суу—Жар-Кыштак каттамынын жол кире акысы эң арзан

Turmush -  Лейлек районунун аймагында эң арзан машруттук каттам — Ак-Суу—Жар-Кыштак каттамы. Бул тууралуу Ак-Суу айыл өкмөтүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, бул каттамдын аралыгы 38 км түзүп, жол кире акысы 50 сом. Унаа күн сайын эртең мененки 7:00дөн кечки саат 17:00гө чейин каттап жатат.

«Ак-Суу—Жар-Кыштак каттамы боюнча менчик унаа каттайт. Жергиликтүү калк каттамдын жол акысы боюнча атайын арыз менен кайрылышкан. Эл менен чогулуш өтүп, натыйжада район боюнча эң төмөн нарк бизде экендиги аныкталып, түшүндүрүү иштерин жүргүздүк», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 839
Көп окулду
×