Бөлүмдөр
Ишемби, 24-февраль
Ош

Мээркан айылынын эли таштанды аккан каналдан суу алууга аргасыз (видео, фото)

Turmush -  Ош шаарынын Жапалак айыл аймагындагы Мээркан айылында таза суу жоктугунан жергиликтүүлөр бүгүнкүгө чейин каналдан суу ичип келишет. Жашоочулардын айтымында, таштандыдан сарыгып келип, малдар суу ичкен арыктан суу ичүүгө аргасыз. Анын кесепетинен жаш жеткинчектердин басымдуу бөлүгү ич өткөк, сарык оорулары менен жабыркайт.

Айыл аксакалы Жуманазар Тойчиевдин айтымында, таза суу чыгаруу өтүнүчү менен жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө бир нече ирет кайрылышкан. Бирок ушул күнгө чейин жарытылуу жооп албай келишет.

«Бизде таза суу жок. Арыктагы сууну кайнатып ичебиз. Биздин айылда 400 кожолук бар. Шаарга караганыбыз менен айылдагылар бизден жакшы жашашат. Шаар мэри өзү да келип, көрүп кеткен. Бирок эч кандай жыйынтык жок. Бизге көңүл бурган адам жок», - деди Ж.Тойчиев.

Аталган айыл мурун малкана деп аталып келген. Айыл 10 жылдан бери бул аймактан чыккан жалгыз депутат айымдын ысымын алып жүрөт.

Айылдын башында таштанды таштоочу жай бар. Жаан-чачын убагында таштандыдан сарыгып чыккан суу каналдын суусуна кошула турганын Надирбай Дарбанов билдирди.

«Араван-Ак-Буура каналынан суу ичебиз. Суубуздун таза эместиги микроскобу жок деле көрүнүп турат. 1997-жылдары таза суу чыгарууга аракеттер болгон. Бирок курулуш чала болуп, суу түтүктөр жарылып калып, суу чыкпай калган. Айылда көпчүлүк мал кармайт. Малыбыз деле, өзүбүз деле ушул суудан (каналдан аккан сууну көрсөтүп) ичебиз», - деди Н.Дарбанов.

Аталган айылдын фельдшери Саадат Досуеванын айтымында, таза суунун жоктугунан сарык оорусу көп катталат.

«Таза суунун жоктугунан балдарыбыз сарык болуп жатат. Сарык болгон бала өмүр бою ден соолугунан жабыркайт. Мен 1 миң 750 адамды карайм. Айыл боюнча жок дегенде 2 жерге суу чыгарып берсе кезекке туруп, түнү менен болсо да сууну ташып алат элек. Башка айылдарга караганда бизде ич өткөк оорусу көп катталат», - деди С.Досуева.

Ал эми аталган айыл аймактын башчысы Санжар Эшмановдун айтымында, быйыл таза суу чыгаруу долбоорун ишке ашыруу күтүлүп жатат.

«Биздин айыл аймакта жалпы 13 айыл бар. 12 айылда таза суу чыккан, анда күнүнө 4 сааттан таза суу берилет. Ал эми Мээркан айылы бийикте жайгашкандыктан суунун басымы жетпей, ушул күнгө чейин таза суу жок. Быйыл президентибиз Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыялады. Быйыл республикалык бюджеттен 150 млн сом бөлүнүп, биз тиешелүү иш кагаздарды тактап бердик. Кайсы жерге суу кампа курулуп, кайсы жерге суу түтүктөр орнотула турганын тактадык. Буйруса быйыл Мээркан айылында таза суу чыгарылат», - деди С.Эшманов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1885
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
16:23,   24.02.2018   ( 10 адам окуп жатат)
×