Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-апрель
Баткен

Баткендеги жумушсуз кыз-келиндерге кол өнөрчүлүктү үйрөтүү боюнча семинар өтүп жатат

Turmush -  Лейлек районунун Кулунду айылындагы жумушсуз кыз-келиндерге кол өнөрчүлүктү үйрөтүү боюнча семинар өттү.

Кыргызстандын кол өнөрчүлөр Ассоциациясынын Баткен облусу боюнча координатору Тоту Гүлбаеванын айтымында, 10 күнгө созула турган семинарга Ош шаарынан, Алай, Чоң-Алай райондорунан, Баткендин Маргун, Жаңы-Жер, Кулунду айыл аймактарынан кыз-келиндер чакырылган.

«20га жакын аялдар үйлөрдө дагы тапшырманын негизинде чеберчиликти үйрөнүп жатышат. Жаңы ыкмаларды үйрөнүүгө кызыгып келишкен 15 жаштан 70 жашка чейинки катышуучуларды 10 күндөн бери 4 топко бөлүп, саймачылык, тикмечилик, курак, килем, сувенир жасоо жана башка кол өнөрчүлүктү үйрөттүк. Өткөн жылы да ушул жерде 10 күндүк семинар өткөргөнбүз. Бул жолку семинар ошонун уландысы болду. Андан бери жакшы жылыштарга ээ болдук. Кыз-келиндер көптөгөн килемдерди жасап, алардын бардыгын «Күз кайрыктары», «Оймо» фестивалдарына алып чыгып, сатып жатышат», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 953
Көп окулду
×