Бөлүмдөр
Ишемби, 24-февраль
Баткен

Лейлекте айдоочуларга карата рейд жүргүзүлдү

Turmush -  Лейлек районунда жана Сүлүктү шаарында айдоочуларга карата рейд жүргүзүлдү. Бул тууралуу облустук Транспорт көзөмөл бөлүмүнүн башчысы Жыргалбек Дыйканбаев билдирди.

Рейд учурунда каттамдардагы кичи автобустардын техникалык абалы, айдоочулардын уруксат кагаздары, өрт коопсуздуктарын алдын алуу боюнча текшерүүлөр жүргүзүлдү. Жалпы 31 кичи автобус текшерүүгө алынып, эреже бузулган 7 факты катталган. 4 протокол түзүлүп, өрт коопсуздугу боюнча 3 дүмүрчөк жазылып, 4300 сом айып пул салынды. 2 айдоочуга эскертүү берилген.

Лейлек районунда жалпы 21 автобустук каттам бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 797
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
16:23,   24.02.2018   ( 9 адам окуп жатат)
×