Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-сентябрь
Баткен облусуЛейлек району 23.01.2018 11:25 На русском

Лейлектик Н.Саттаров жоготкон 16 уюн тажикстандык уурунун үйүнөн тапты

Turmush -  Лейлек районунун Тажикстан менен чек аралаш Бешкент айылынын тургуну Наби Саттаров 16 уюн жоготуп, Тажикстандан тапты.

Өзүнүн айтымында, уйларын өз алдынча издеп таба албай, милицияга кайрылган.

«8 баш уй 2017-жылы 17-ноябрга караган түнү жоголду. Бир жумадан кийин дагы сегизи жоголду. Аларды бир эле адам айдап кеткендиги байкалды. Кошунам менен биргеликте издеп, жыйынтык болбогондон кийин 26-декабрда Лейлек РИИБге кайрылдым. Алар менен биргеликте издеп, Тажикстандын Исфара шаарынын базарында сатылып жаткан жеринен экөөсүн таптык. Уйларды сатып жаткан Н.Р. тажик жараны болуп чыкты. Мен жоготкон уйлардын баары ошонун үйүнөн чыкты. Алардын баарын толук кайтарып алдым. Менин уйларымдан сырткары да көп мал бар экенин көрдүк», - деди ал.

Чек арада мал уурулукка чек аранын такталбагандыгы жол ачууда. Кыргыз жарандары малын жайытка айдашат. Лейлек району Тажикстандын 6 району менен чектешет. Кыргызстан менен Тажикстандын жалпы чек арасы 970 чакырымды түзүп, анын 520 чакырымы эки тараптуу такталган жана 450 чакырымы тактала элек.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×