Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Баткен облусуЛейлек району 22.01.2018 17:38

Лейлектин Голбо айылындагы бала бакчанын имараты жок, ижарадагы мекемеде иштеп жатышат

Turmush -  Лейлек районунун Голбо айылындагы «Керемет-Голбо» бала бакчасынын өздүк имараты жок, башка имаратты ижарага алып иштеп жатат. Бул тууралуу бала бакчанын жетекчиси Жумагүл Тилекеева билдирди.

Анын айтымында, мекемеде 57 жеткинчек тарбияланып, дагы 200дөй бала кезекте турат. «Керемет-Голбо» алгач жамаат болуп түзүлүп, азыр мамлекеттик болуп калган.

«Голбо айылында бала бакча жок болгондуктан үйдү эле жамааттык балдар бакчасы кылып иштете баштадык. Кийин мамлекеттик болуп, ижара акысын мэрия төлөмөй болгон. Учурда 57 бала тарбияланып, 13 кызматкер иштейт. Бирок демөөрчү тартуу кыйын. Убактылуу турушса жасап берген нерселер же буюмдар жоголот деп кооптонушат. Айылда дагы 200дөй бала бакчага барбай үйдө отурат. Айылдагылар балдар бакчасына муктаж», - деди ал.

Мындан улам жергиликтүү бийлик өткөн жылы 50 орундуу балдар бакчасынын курулушун баштаган.

«Голбо айылындагы мектепке чейинки билим берүүнү камсыздоо максатында 21 млн сомдук имараттын курулушун сентябрь айында баштаганбыз. Бул район аймагындагы 49-бала бакча болот», - деди Лейлек районунун акими Баймурат Бекмуратов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×