Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-июль
Баткен

Лейлектин Ак-Арык айылында мыйзамсыз ачылган май куюучу жай буздурулат

Turmush -  Баткен облусунун Лейлек районунда мыйзамсыз иштеп жаткан күйүүчү май куюучу жай буздурулат. Мындай чечим Мамэкотехинспекциянын Баткен, Сүлүктү шаарлары, Баткен жана Лейлек райондору боюнча аймактар аралык башкармалыгынын текшерүүсүнөн кийин чыгарылган.

Ведомстводон маалымдашкандай, Кулунду айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Арык айылында жайгашкан май куюучу жайдын ээси ишмердүүлүккө уруксат берүүчү расмий документтерин көрсөткөн эмес. Текшерүүнүн жыйынтыгында өзүм билемдик менен курулуш иштери жүргүзүлүп, май куюучу жай мыйзамсыз иштеп жатканы аныкталган.

Мамэкотехинспекциянын койгон талаптары Лейлек райондук соту тарабынан толук канааттандырылып, май куюучу жайды буздуруу чечими сот аткаруучуларга өткөрүлдү.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1308
Көп окулду
×