
Turmush - Лейлек районунун Ак-Суу айылындагы маданият үйүндө музыкалык аппарат жок болгондуктан жеке менчик музыкалык аппаратты колдонууга муктаж болушууда. Бул тууралуу маданият үйүнүн башчысы Зафар Кахаров билдирди.
Анын айтымында, аппараттар ар кандай иш-чаралар учурунда керек болот. Бул маселе боюнча жергиликтүү бийликке кайрылуу жолдошкон. Имаратты айыл өкмөт капиталдык оңдоодон өткөрүп, эмеректер менен камсыздаган. Мекемеде 3 адам иштейт.