Бөлүмдөр
Ишемби, 24-февраль
Баткен

Лейлекте 70 млн сомго кичи ГЭС курулууда

Turmush -  Лейлек районунун Белес аймагында кичи ГЭС курулуп жатат. Бул тууралуу акимчиликтен билдиришти.

Маалыматка караганда, 600 кВ/сааттык кичи ГЭС ишке киргенде 3 МГВ кошумча электр энергиясы өндүрүлөт. Аны менен катар Сары-Дөш жана Жаман-Жар аймактарынан 160 гектарга жакын жаңы сугат жерди өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Долбоордун жалпы сметалык баасы — 70 млн сом. Учурда ички инвестор тарабынан Кытайдан 30 млн сомдук турбогенератор алынып келди. Аталган долбоорду ишке ашыруу 2018-2020-жылдарга пландаштырылган. Анда 20га жакын жергиликтүү тургундар жумуш менен камсыз болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 885
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
16:23,   24.02.2018   ( 16 адам окуп жатат)
×