Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Баткен облусуЛейлек району 09.01.2018 16:20 Жаңыланды: 16.05.2018 11:19 На русском

Айыл турмушу: Лейлектик 90 жаштагы Закир ата азыр да темир буюмдарды жасап сатат (фото)

Turmush -  Лейлек районундагы 90 жаштагы Акбаев Закир ата 2-топтогу майып экенине карабай темир буюмдарды жасап сатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, күнүнө 1000 сомдой акча табат. Буюмдарды чакан дүкөнүндө сатып, ишемби күндөрү Самаркандек базарына алып келет. Буюмдар жасалуучу устаканасын 20 жыл мурда ачкан.

«Жаш кезимден эле темир устачылык менен алектенчүмүн. Темирден балка, кетмен, чалгы, орок, атка така, ара жана башка буюмдарды жасайм. 8 балам бар. Мен карып калгандыктан балдарым кол кабыш кылышат. Бирок баары бир алардын тиричилиги башка. Ишемби күндөрү жасаган буюмдарымды «Самаркандек» базарына алып чыгам. Бул жерде киреше көп болот, 2 миң сомго чейин жетет. Калган күндөрү үйүмдүн жанындагы дүкөндө сатам», - деди аксакал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×