Бөлүмдөр
Ишемби, 24-февраль
Баткен

Ош—Баткен—Исфана жолунда 38 тонна күйүүчү май ташып бараткан унаа жолдон чыгып кетти (фото)

Turmush -  Ош—Баткен—Исфана унаа жолунда «Шахман» үлгүсүндөгү май ташуучу унаа жолдон чыгып кетти, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, жол кырсык бүгүн, 6-январда саат 9:00дөр чамасында болгон.

Унаанын айдоочусу Малик Топчубаевдин айтымында, ал Оштон Лейлек районунун Арка айылын көздөй бара жаткан. Унааны айдап бара жаткан учурда жанынан «Хонда Аккорд» үлгүсүндөгү унаа күтүүсүз ашып айдап өтүүгө аракет кылганда, ал жолдон чыгып кеткен.

«Жеңил унаага жол бошотууну көздөп, тайгак жолдон чыгып кеттим. Унаада жалпы 38 тонна күйүүчү май бар эле. Анын 9 тоннасы агып кетти», - деди айдоочу.

Окуя болгон жерге ӨКМдин жана милициянын кызматкерлери келип, алар 29 тонна күйүүчү майды сактап калышкан. Калган 9 тоннасы унаадан агып калган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3934
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
16:23,   24.02.2018   ( 11 адам окуп жатат)
×