Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Баткен облусуЛейлек району 26.12.2017 14:39

Бөрүлүү мезгил: Лейлектик А.Кабылов карышкыр атып, акимчиликке тапшырды

Turmush -  Бүгүн, 26-декабрда Лейлек районунун Кара-Камар айылынын тургуну Абдубакир Кабылов карышкыр атып өлтүрүп, райондук администрацияга тапшырды. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Маалыматка караганда, аңчыга акимчиликтен алкыш жарыяланып, атайын сыйлык берилмек болду.

Учурда Лейлек районунун аймагында карышкырлар көбөйүп, элдин малына кол салууда. Андыктан карышкырларды жок кылуу боюнча чаралар көрүлө баштады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×