Бөлүмдөр
Ишемби, 24-февраль
Баткен

Фото — Лейлектеги катуу шамал ондогон үйлөрдүн чатырын учуруп кетти

Turmush -  Бүгүн, 25-декабрда Лейлек районунун Көк-Таш айылындагы катуу шамалдан улам бир катар имараттардын чатырлары бузулду. Бул тууралуу ӨКМдин облустагы башкармалыгынын жетекчиси Замир Сооров билдирди.

Анын айтымында, түнкү саат 02:30 чамасында секундасына 14-16 метрге жеткен шамал болгон. Анын кесепетинен айылдагы мектептин спорт залынын чатырынан 5 даана шифер учкан. Мындан тышкары мектептин очокканасынын жана көмүрканасынын чатырларына жабылган темир тыныке жараксыз абалга келген.

Ал эми, Баткен районунун Кайыңды айылында 3 үйдүн 35 даана шиферин шамал учуруп кетти. Азыркы убакта Жарандык коргонуу комиссиясы тактоо иштерин жүргүзүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1120
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
16:23,   24.02.2018   ( 9 адам окуп жатат)
×