Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Баткен облусуЛейлек району 22.12.2017 18:00

Лейлектик балбан Э.Кудайбердиев өкмөт башчыдан алкыш баракча алды

Turmush -  Быйыл Түркмөнстанда өткөн жабык имараттагы Азия оюндарында алыш күрөштө атаандашын 4 секундда жеңип, рекорд жаратып, 1-орунду ээлеген балбан Эсенбек Кудайбердиев кечээ, 21-декабрда премьер-министр Сапар Исаковдун алкыш баракчасы менен сыйланды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Балбандын өзүнүн айтымында, Лейлектин Кара-Булак айылында өскөн. Спорт менен 7-классынан тарта машыгып келет.

«Мени спортко атам алып келген. Анткени атам да жаш кезинде күрөшүп жүргөн экен. Мени да жаш кезимден тартып той-аштардагы күрөштөргө алып барчу. 7-классымдан тарта күрөш менен машыгып, 11-класска чейин Лейлектеги күрөштөргө катышып жүргөм. 2011-жылы мектепти аяктап, борборго келип машыга баштадым. 2012-жылы чоң спортко аралаштым.

Мамлекет тарабынан спортчуларга жакшы шарттар түзүлгөн. Бирок бардык шарт түзүлгөн деп айта албайм. Көп учурда спортчулар мелдештерге баруу үчүн өзүбүз аракет кылып, демөөрчүлөрдү издеп калабыз. Буйруса мамлекет дагы көңүл бөлүп, шарттарды түзүп берет деп ойлойм.

Кесибим боюнча юристмин. Бирок кесип менен иштөөгө азырынча планым жок. Убакыт көрсөтөт, балким иштеп калам», - деди ал.

Жетишкен ийгиликтери:

- 2012-жылы Азия оюндарында алыш күрөшү боюнча 1-орун;

- 2014-жылы Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында казак күрөшү боюнча 3-орун;

- 2015-жылы Азия чемпионатында алыш күрөшү боюнча 3-орун;

- 2015-жылы Оренбургдагы түркмөн күрөшү боюнча мелдеште 3-орун;

- 2016-жылы Индонезияда алыш күрөшү боюнча өткөн дүйнө чемпионатта 1-орун;

- 2016-жылы Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында алыш күрөшү боюнча 3-орун;

- 2017-жылы Түркмөнстанда өткөн Азия оюндарында түркмөн күрөшү боюнча 2-орун, алыш күрөшү менен 1-орун;

Эсенбек Кудайбердиев эл аралык класстагы спорттун чебери. Учурда алыш күрөшү боюнча 30га жакын жаш балдарды машыктырат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×