Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 28-май
Баткен

Лейлектин Булак-Башы айылында жаңы мечит ачылды

Turmush -  Лейлек районунун Булак-Башы айылында курулган жаңы мечит пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Лейлек районунун имамы Медербек Намазбаев билдирди.

Анын айтымында, мечиттин имараты айылдагы ишкерлердин каржылоосу менен курулду.

«Мечиттин курулуш иштерине 2 млн сомдон ашык каражат сарпталган. Мечиттен сырткары даараткана, өзүнчө бөлмөлөр заманбап шарттары менен курулган. Ал эми бул мечитте жума намазын окууга да уруксат берилди. Мечиттин бардык тиешелүү документтери бүткөн», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 743
Көп окулду
×