Бөлүмдөр
Ишемби, 24-февраль
Баткен

Лейлектеги унаа кырсыктан 3 жигит жаракат алды

Turmush -  9-декабрда Лейлек районунда болгон унаа кырсыктан 3 жигит жабыр тартты. Бул тууралуу аймактык кабарчыга укук коргоо органдарынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык саат 17:00 чамасында Исфана—Кулунду унаа жолунун Булак-Башы айылындагы тилкесинде болгон. Айдоочу башкарууну жоготуп, жеңил унаа жолдон чыгып кеткен. Анын кесепетинен 3 адам жаракат алып, экөө травматология бөлүмүнө, бирөө жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды. Аталган факты боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

Кырсыктан жабыркагандар:

- Исфана шаарынын 1995-жылы туулган тургуну Х.Х.;

- Исфана шаарынын 1998-жылы туулган тургуну Х.Ш.;

- Исфана шаарынын 1998-жылы туулган тургуну С.М.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 676
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
16:23,   24.02.2018   ( 13 адам окуп жатат)
×