Бөлүмдөр
Шаршемби, 15-август
Баткен

Президенттик шайлоодо иштеген лейлектик 220 оператордун 145не маяна төлөнгөн, - аким

Turmush -  Президенттик шайлоодо иштеген лейлектик 220 оператордун 145не маяна төлөнгөн. Бул тууралуу Лейлек районунун акими Бекмурат Баймуратов билдирди.

Анын айтымында, райондо шайлоо күнү 220 оператор иштеген. Бүгүнкү күндө алардын 145не эмгек акылары төлөнгөн. Калган операторлордун документтери боюнча кемчиликтер болгондуктан акчалар которулганы менен алардын эсебине түшпөй турат. Бул боюнча атайын тактоо иштери жүргүзүлүүдө. Ар бир операторго айрым салыктарды эске албаганда 5 миң 22 сомдон берилет. Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан операторлордун эмгек акысы үчүн 1 млн 364 миң сом акча которулган.

Окуя тууралуу:

Буга чейин Turmush басылмасына Баткен облусунун Лейлек районунда 15-октябрь күнү өткөн президенттик шайлоодо иштеген операторлорго эмгек акы бериле электиги маалым болгон.

Аталган райондо президенттик шайлоо учурунда жалпы 220 адам оператордун кызматын көрсөтүшкөн.

Лейлек районунун шайлоо комиссиясынын төрагасы Кочкорбай Сатаровдун айтымында, операторлорду Мамлекеттик каттоо кызматы иштеткен жана эмгек акыны бул түзүм төлөп бериши керек болчу.

«Жакында мамлекет тарабынан акча которулат жана алардын эмгек акысы төлөнүп берилет», - деген ал.

Ал эми, райондук администрациянын кызматкерлери шайлоодо иштеген операторлордун айрымдарынын банктык реквизиттери так болбогондуктан эмгек акы кечигип жатканын айтып, учурда алар такталып бүткөнүн билдирген.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1356
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×