Бөлүмдөр
Ишемби, 24-февраль
Баткен

Лейлекте тажик чек арачылары менен пикир келишпестиктер жаралууда

Turmush -  Лейлек районундагы «Кайрагач» көзөмөл-өткөрмө пунктунда текшерүүнү жакшыртуучу шарттарды жасоого Тажикстандын чек арачылары тарабынан 2,5 айдан бери каршылыктар болуп жатат. Бул тууралуу Лейлек районунун акими Баймурат Бекмуратов билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан ЕАЭБге киргендигине байланыштуу жана уюмдун талаптарына ылайык ал жерге рентген көзөмөл курулуп, айып салынган унаалар токтотулуучу жай жасалышы керек. Аны куруу үчүн Россиядан өкүлдөр келишкен. Пункттун жалпы аянты 16 сотыхты түзөт. Бул маселени чечүүдө Тажик Республикасынын чек арачылары «ал жер биздики» деп, пикир келишпестикти жаратууда. Кыргыз тараптын тиешелүү органдарынын кызматкерлери жерди өлчөп, пункттан 50 метр алыстыктан кийин гана Тажикстандын аймагы баштала тургандыгын такташкан.

Учурда Россиядан келген өкүлдөр, Лейлек чек ара бөлүмү, ички иштер бөлүмү, Кулунду айыл өкмөтү, Мамлекеттик каттоо кызматы жана райондун жетекчилери маселени чечүү аракеттерин көрүп жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4631
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
16:23,   24.02.2018   ( 12 адам окуп жатат)
×