Бөлүмдөр
Ишемби, 24-февраль
Баткен

Президенттик шайлоодо иштеген лейлектик операторлорго эмгек акы төлөнө элек

Turmush -  Баткен облусунун Лейлек районунда 15-октябрь күнү өткөн президенттик шайлоодо иштеген операторлорго эмгек акы бериле элек.

Лейлек районунун шайлоо комиссиясынын төрагасы Кочкорбай Сатаровдун айтымында, аталган райондо президенттик шайлоо учурунда жалпы 220 адам оператордун кызматын көрсөтүшкөн. Аларды Мамлекеттик каттоо кызматы иштеткен жана эмгек акыны бул ведомство төлөп бериши керек.

«Жакында мамлекет тарабынан акча которулат жана алардын эмгек акысы төлөнүп берилет», - деди ал.

Ал эми, райондук администрациянын кызматкерлери шайлоодо иштеген операторлордун айрымдарынын банктык реквизиттери так болбогондуктан эмгек акы кечигип жатканын айтып, учурда алар такталып бүткөнүн билдирди.

Президенттик шайлоодо Лейлек районунда иштеген 220 операторго жалпы 1 млн 364 миң сом эмгек акы төлөнүшү керек.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 693
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
16:23,   24.02.2018   ( 13 адам окуп жатат)
×