Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Баткен облусуЛейлек району 25.11.2017 16:04

Кулунду айылында зомбулукка каршы акция өттү

Turmush -  Бүгүн, 25-ноябрда Лейлек районунун Кулунду айыл өкмөтүндө зордук-зомбулукка жана кургак учукка каршы акция өттү.

Кулунду жалпы дарыгерлер борборунун башчысы Бүүажар Макарамованын айтымында, акциянын алкагында Раззаков айылынын үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу жана айыл өкмөттүн аялдары футбол боюнча мелдешти. Жыйынтыгында 1-орунду Раззаков айылынын айымдарынан түзүлгөн команда, 2-орунду үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунан түзүлгөн команда жеңип, айыл өкмөтү тарабынан белектер тапшырылды.

2017-жылдын ичинде аталган аймакта зордук-зомбулукка кабылган 7 учур катталган. Алардын бирөө мектеп окуучуларынын арасында болсо, алтоо үй-бүлөлүк чыр-чатактарга байланыштуу болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×