Бөлүмдөр
Шаршемби, 15-август
Баткен

Лейлекте кыргыз жана тажик жаштарынын арасында футбол мелдеш уюштурулду

Turmush -  Лейлек районунун Кулунду айылында кыргыз жана тажик жаштарынын арасында кичи футбол боюнча мелдеш уюштурулду. Бул тууралуу мелдешти уюштуруучулардын бири Нурали Пайзиев билдирди.

Анын айтымында, мелдешке Лейлек районунун Арка, Максат, Интернационал жана Кулунду айылдарынан, Тажикстандын Овчикалача жана Хистеварз айылдарынан келген 5 команда катышты. Жыйынтыгында 1-орунду Кулунду жана Овчикалача айылынын жаштарынан түзүлгөн команда, 2-орунду Арка жана Хистеварз айылдарынын командасы ээледи. Алар 27-ноябрда Баткен шаарында өтө турган мелдешке жолдомо алышты.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 975
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×