Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Баткен облусуЛейлек району 20.11.2017 16:47

Лейлекте өспүрүмдөрдү кылмыштуулуктан сактоо аракеттери жүргүзүлүп жатат

Turmush -  10-15-ноябрь күндөрү Лейлек РИИБдин кызматкерлери өспүрүмдөрдү кылмыштуулуктан сактоо максатында атайын түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Милициянын маалыматына караганда, жер-жерлерде «Ден соолук өмүрдүн булагы», «Мен мекенимдин патриотумун», «Өлкөбүздүн келечеги биздин колубузда», «Таза жашоо өмүрдүн булагы» жана башка темалардагы лекциялар өткөрүлдү.

Ошондой эле, жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштеген тескөөчүлөр Лейлек райондук жаштар комитетинин кызматкерлери менен биргеликте «Жашоого ооба де» жана «Исфана шаарынын жаштары дайыма алга» аталышындагы жөө жүрүш өткөрдү. Мектеп окуучулары арасында «Менин милициям мени коргойт» аталышындагы сынак өтүп, жеңүүчүлөр балуу белектер менен сыйланды. 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×