Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 28-май
Баткен

Эл ичи — өнөр кенчи: Лейлектик А.Жумабаев дубалдарга 30 миң сомдук сүрөттөрдү тартат (фото)

Turmush -  Лейлек районунун Көк-Таш айылынын 26 жаштагы тургуну Амирбек Жумабаев 30 миң сомдук граффити сүрөттөрдү тартат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, 2009-жылы Т.Садыков атындагы көркөм сүрөт мектеп-интернатын аяктаган. Учурда көркөм сүрөт академиясынын 5-курсунда окуйт.

«Сүрөтчүлүккө болгон кызыгуума атамдын салымы чоң. Эң алгачкы буйрутма 2009-жылы түшкөн. Анда бала бакчага сүрөт тарттырышкан. Андан соң кафе-ресторандар буйрутма бере баштады. Граффити тартууда боек берилген форматка жараша керектелет. Боекторду 300 сомдон 500 сомго чейин сатып алам. Сүрөттүн 1 метр квадраты 2,5 миң сомдон бааланат. Бала бакчаларга сүрөттөрдү 20 миң сомдон тартам. Кээ бир сүрөттөр 30 миң сомдон бааланат. Көбүнчө жарнамага буйрутма беришет. Илхом келгенде гана тартып бүтүрүп бербесем, жөнөкөй учурларда тарта албай калам. Панда, гамбургерлердин сүрөттөрү 3 күндүн ичинде тартылып бүтөт.

Жумушумдагы кыйынчылык жараткан учурлар — кардарлар менен иштешүү. Менин жараткан идеям кардарга жакпай калып, кайра тарттырган учурлар болот», - деди ал.

Амирбек Жумабаев үй-бүлөдө 5 туугандын ортончусу.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1238
Көп окулду
×