Бөлүмдөр
Шаршемби, 15-август
Баткен

Айыл турмушу: 22 жылдан бери балык саткан Санабар айым бул ишти бала кезинде эле баштаган (фото)

Turmush -  Лейлек районунун Кара-Дөбө айылынын 57 жаштагы тургуну Санабар Мадрахимова 22 жылдан бери балык сатып тиричилик кылат. Аймактык кабарчы ишкер айым менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, балыктарды Бишкек, Ош шаарларынан жана Токтогул районунан алып келет.

«Ар бир адам колунан келген ишин кылат. Мен балык сатууну туура көрдүм. 22 жыл аралыгында өзүм кайырмак салып, балык кармап жүрдүм. Бирок азыр даярын эле сатып алам», - деди ал.

Санабар айым саткан балыктардын салмагы 3 кг чейин жетет. Аларды көлөмүнө карап, 140 сомдон 300 сомго чейин, бышырылгандарын 400 сомго чейин сатат. Айына 30 миң сомго чейин киреше табат.

«Балык эң жеңил, пайдалуу тамак. Көздүн көрүүсүнө абдан чоң таасири бар. Бул тамак менен диета кармаса болот. Бирок көпчүлүк адамдар балыктын пайдалуу экенин биле беришпейт. Ден соолугун ойлогон киши жыл сайын 20-30 кг балык жеп туруусу керек. Бирок биздин эл 10 кг да жебейт. Мурдагы жылдарга салыштырмалуу азыр балыкка болгон суроо-талап азайып кетти», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2430
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×