Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 28-май
Баткен

Айыл турмушу: Лейлектик Э.Кудайбердиев күрөштүн бир нече түрүнөн ийгиликтерди жаратууда (фото)

Turmush -  Лейлек районунун Кара-Булак айылынын 23 жаштагы тургуну Эсенбек Кудайбердиев 7 жылдан бери алыш күрөшү менен машыгып, ийгиликтерди жаратууда. Аймактык кабарчы балбан менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, 3-4-класстагы кезинен эле күрөшө баштаган.

«Менин күрөшкө кызыгып калышыма атам себепчи болгон. 3-4-классымда атам той-аштарга көп алып барып, башкалар менен күрөштүрүп жүрдү. Кийин райондор аралык мелдештерге чыгып, ийгилик жарата баштадым. Айылдан шаарга келип, Калжигит Рахматжанов агайымдын колунда машыга баштадым. 7 жылдын ичинде алыш күрөш боюнча Кыргызстандын 4 жолку чемпиону болдум. Кыйынчылыктар машыгуу жана мелдешке чыгып жатканда көп болот. Бирок ошол кыйынчылыкты көтөрүп, жеңиштерге жетип жүрөм», - деди ал.

Балбан жигит үй-бүлөдө 3 бир туугандын экинчиси.

Спорттогу ийликтери:

- Кыргыз улуттук күрөшү боюнча мелдештердин 8 жолку жеңүүчүсү;

- Алыш күрөш боюнча КРнын 4 жолку чемпиону;

- 2012-жылы Бишкекте өткөн Азия чемпионатында алыш күрөш боюнча алтын медаль;

- 2014-жылы Биринчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында казак күрөш боюнча коло медаль;

- 2015-жылы Оренбург шаарында өткөн дүйнөлүк кубокто түркмөн күрөштө коло медаль;

- 2017-жылы Баяман Эркинбаевдин элесине арналган мелдеште күмүш медаль;

- 2016-жылда өткөн Индонезияда өткөн Азия чемпионатында алтын медаль;

- 2017-жылы Ашхабад шаарында өткөн Азия оюндарында түркмөн күрөшүнөн күмүш медаль, алыш күрөштөн алтын медаль.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2397
Көп окулду
×