Бөлүмдөр
Жума, 22-июнь
Баткен

Жеңеке: Баткендик Гүлбарчын жеңе 4 кайын инисине 4 башка ат коюп алган (фото)

Turmush -  Лейлек районунун Катраң айылындагы 30 жаштагы Пирматова Гүлбарчын жеңе кайын инилерине 4 башка ат коюп алган. Аймактык кабарчы жеңеке менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, жолдошу Басыт Бапов менен 2005-жылы классташы аркылуу таанышып, 1 жылдай кыз-жигит болуп сүйлөшкөн соң баш кошушкан. Мектепти бүтүп эле турмушка чыккандыктан жогорку окуу жайдан жолдошу өзү окуткан. Учурда мектепте химия-биология сабагынан мугалим болуп эмгектенет.

«Жолдошум экөөбүз сүйлөшүп жүргөн убакта телефон да жок болчу. Кат аркылуу гана сүйлөшүп, жолугуп жүргөнбүз. 2006-жылы үйлөнүү сунушун киргизип, турмуш жолуна аттандык.

Жаңы келин болуп келгенде биринчи жасаган тамагым аш болгон. Бирок ал тамактын түсү аппак болуп, ашка окшобой калган эле. Дасторконго алып баруудан аябай уялгам. Бирок чай үстүндө кайын атам «аш өзү ушундай болот» деп жымсалдап койгон. Ал убакта бардыгынын төшөктөрүн салып берчүмүн. Өз бөлмөбүздөгү төшөктү салып бүтүп, жоолугумду чечип койгом. Андан кийин кайын энемдердин да төшөгүн салайын деп алардын бөлмөсүнө кирсем, баары башкача карап калышкан. Унчукпай төшөктү салып, залга чыкканда күзгүдөн өзүмдү жоолуксуз көрүп, абдан ыңгайсыз абалда калгам», - деди ал.

Жеңекенин 3 кайын агасы жана 4 кайын иниси бар. 4 кайын инисине 4 башка ат коюп алган.

«Дайыма ачууланып сүйлөп жүргөн кайын инимди Бакырчак, жогорку окуу жайда окуган кайын инимди Студент, эң кичүүсүн Эркета», дагы бирин Ажа деп атап алгам. Кайын журтум абдан түшүнүктүү. Үйдө кыз жок болгондуктан, кайын энем менен кайын атам келиндерине абдан жумшак. Өз кызындай карашат», - деди ал.

Гүлбарчын жеңе бир нече жолу кайын энеси менен кайын атасынын ысымын айтып алып уят болгон.

«Күн сайын кечке жуук «Малика» деп аталган өзбекче сериал болчу. Үй иштеримди шаша-буша бүтүрүп, мен да көрчүмүн. Үйгө туугандар да келген эле. Мен кирсем эле «кандай сериал?» деп сурап калышты. Мен кайын энемдин аты Малика экенине маани бербей эле «Малика» деген кино» деп жооп берсем, алар күлүп, «Таир деген сериал да жок бекен?» деп айтышканы эстен кетпейт.

Бир күнү кайын атамды көчөдөн «Таир ага» деп чакырып калышты. Мен аны угуп, кайын атама «Таир деп чакырып жатат» деп айтканым эстен кетпейт», - деди ал.

Гүлбарчын жеңе жолдошу экөө баш кошкон 11 жылдан бери Бекжан, Бекзат, Улукман аттуу 3 уулдуу болушту. Жолдошу Басыт Бапов уста болуп эмгектенет.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3048
Көп окулду
×