Бөлүмдөр
Жума, 22-июнь
Баткен

Айыл турмушу: Лейлектик К.Бекназаров 10 миң сомдук ат жабдыктарды жасап сатат (фото)

Turmush -  Лейлек районунун Маргун айыл өкмөтүнө караштуу Маргун айылынын 35 жаштагы тургуну Кубатбек Бекназаров ат жабдыктарынын түрүн жасайт. Аймактык кабарчы уста менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Маргун айыл өкмөтүнө караган айылдагы жашоочулар, улакчылар ат жабдык жасатуу үчүн ага кайрылышат. Ээр чапкандан сырткары атка така кагат. Атасынан үйрөнгөн өнөрдү башкаларга үйрөтүүгө да убакыт табат.

«Атамдын өмүрүнүн жарымынан көбү ушул өнөрдү аркалап өттү. Бала кезден бери көз көрүп үйрөнүп калган жумушка өзүм да кызыгып калдым. 18 жашымдан ээр чапканды, така, жүгөн жасаганды үйрөттү. Бул өнөрдүн арты менен үйүбүздөн киши үзүлгөн жок», - деди уста.

Уста айрым учурда жасаган ээрлерди 1 койго алмаштырат.

«Айылда акчага сатып алган учурлар аз болгон. Азыр заман өзгөрүп кеттиби, айтор бары акчага сатып алып калышты. Ат жабдыктардын баасы 5 миң сомдон тарта 10 миң сомго чейин. 4 така 1000 сомго жасалат. Жүгөндөр да 1000 сомдон турат. Илгери аталарыбыз дээрлик көпчүлүгү ээр чапканды билгендиктен, көп деле бааланган эмес. Азыркы учурда бул өнөрдү аркалагандар аз. Ошондуктан жасаган киши да, буюм да барктуу», - деди Кубатбек Бекназаров.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3130
Көп окулду
×