Бөлүмдөр
Шаршемби, 15-август
Баткен

Айыл турмушу: Бишкекте чоңойгон Д.Исаев Баткенге көчүп барып, 30 миңден ашык балык багууда (фото)

Turmush -  Лейлек районунун Өзгөрүш айылынын 31 жаштагы тургуну Данияр Исаев балык чарба иштетип, 1 кг көк чаар балыкты 400 сомдон сатууда. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Бишкек шаарында чоңойгон. Балык чарбасын иштетүү максатында атайын ата-бабасынын жери болгон Лейлектин Өзгөрүш айылына көчүп келген. Азыр жубайы экөө 1 уулду тарбиялап жатышат.

«Балыктарды кантип багуу керектигин Бишкектен атайын семинардан окуп үйрөндүм. Балыктар да ооруп калат экен. Ошондуктан аны аз санда бага баштап, кийин көбөйтсө болот. Аларга убагында жем берип, жакшы кароо керек. Анткени балыктын чоңоюшу эреженин так сакталуусунан көз каранды. Бул айылда кышы-жазы тоңбогон булак бар. Балыктарды ошол булактын суусуна өстүрөм. Чабактарын чоң балыктардан башка жерге багам», - деди ал.

Азыр балык чарбасында 30 миңден ашуун көк чаар балыктар бар. Алардын уруктары Даниядан жана Польшадан алынып келинген. Алар 1 жыл ичинде 1 кг ашык чоңоет. Балыктарга күн сайын 50 кг жем берилип, суусу тазаланып турат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 5251
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×