Turmush — 2024-жылы Баткен облусун өнүктүрүү үчүн республикалык бюджеттен 500 млн сом бөлүнгөн. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, облус жетекчилиги республикалык бюджеттен бөлүнгөн 500 млн сомдун эсебинен Лейлек районунда курулган объекттерден кабар алды.
Алар:
- Соода комплекси:
Катраң айылындагы соода борборунун курулушу аяктоо алдында. Ага 7 млн сом каражат бөлүнгөн. 3 кабаттуу соода комплексин 31-август — Эгемендүүлүк күнүнө карата бүткөрүү аракеттери көрүлүүдө. Бул соода жайында 16 жумуш оруну түзүлөт.
- Таңгы — Айбийке сугат суу долбоору:
Тогуз-Булак айыл аймагынын Айбийке айылындагы 5,5 чакырым аралыкка сугат суу түтүгүн тартуу иштерине 30 млн сом каржыланып, 1,5млн сом айыл өкмөтүнүн эсебинен каржыланган. Айбийке айылына суу жеткирилди.
- Раззаков шаарындагы мал базары:
Мал базардын курулушуна 15 млн сом бөлүнгөн. Лейлек районунун өнүктүрүү фондунан 6 млн 700 миң сом, жергиликтүү бюджеттин эсебинен 3 млн 654 миң сом жумшалган. Учурда базар үзгүлтүксүз иштеп жатат. Ачылган күндөн бугүнкү күнгө чейин муниципалдык базар 2 млн сом таза киреше тапкан.
- Темир-бетон, шагыл жана курулуш материалдар заводу:
Ак-Суу айыл аймагынын жеңиш айылында жайгашкан муниципалдык ишкана үчүн 5 млн сом, жергиликтүү бюджеттен 2 млн 500 миң сом каржыланган. 5 жумуш оруну түзүлгөн. Учурда ишкана үзгүлтүксүз иштеп жатат. 2024-жылы жергиликтүү бюджетке 200 миң сом киреше алып келген.
- Ак-Суу — Саркент каналы:
Ак-Суу айыл аймагында ишке ашырылуучу Ак-Суу — Саркент дарыясынын жээгин таш дамба куруу үчүн республикалык бюджеттен 48 млн 560 миң сом каржыланып, жалпы 2360 метр аралыкта жумуш аткарылган. Ирригациялык долбоорду улантуу үчүн 2025-жылы дагы 78 млн 639 миң каржыланып, иш уланууда.
- Курулушу 2025-жылдын 30-сентябрында аяктоо пландалгандар:
- Айна-Таш — Таңгы-Башы сугат суу долбоору:
Сумбула айылындагы сугат суу долбоору үчүн 10 млн 193 миң сом каржыланган. Жергиликтүү бюджеттен 810 миң сом акча каражаты бөлүнүп, тоодогу булак суусу 5,5 км аралыкка сугат суу түтүктөрү аркылуу артылып келинген. Натыйжада 3 айыл суу менен камсыз болгон.
- «Жашыл бак» интенсивдүү кооперативи:
Кулунду айыл аймагынын Майты тилкесинде 100 гектар аянт өздөштүрүлдү. Ал үчүн 25,8 млн сом каржыланган. Муниципалдык бакка тамчылатып сугаруу системасы орнотулган. Сугаруу үчүн 1000 м3 жана 4000 м3 бассейн курулган. Бак көчөттөрү алгачкы түшүмүн бере баштаган.
-----------------------------------------
Буга чейин Turmush басылмасы Баткен облусун өнүктүрүү үчүн республикалык бюджеттен бөлүнгөн 500 млн сомго облус боюнча 23 долбоор ишке ашырылып жатканын жазган.
Маалыматка караганда, бүгүнкү күнгө карата 7 долбоор аткарылып бүткөн.
Алар:
1. Самаркандек айыл аймагында туристер үчүн кароо аянтчасы;
2. Кара-Бак айыл аймагындагы туристер үчүн кароо аянтчасы;
3. Кадамжай районунун Бирлик айыл аймагындагы муниципалдык айыл чарба продукцияларын сактоочу борбору;
4. Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл аймагындагы узундугу 5 км болгон ички жолду асфальттоо иштери;
5. Кадамжай шаарындагы айыл чарба продукцияларын сактоочу логистикалык борборунун курулушу;
6. Кадамжай шаардык мэриясынын муниципалдык балансындагы «Ибн Сина» дарыканасынын имаратын кайра профилдештирип, бала бакчага айландыруу;
7. Ак-Турпак айылындагы Кожешкен дарыясынын 250 метр аралыгын бекемдөө иштери.
Дагы 16 долбоор ишке ашырылып жаткан:
1. Баткен районунун Төрт-Гүл айыл аймагына сары ташты кесип кайра иштетүүчү заводун куруу;
2. Баткен районунун Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн Кожешкен дарыясынын 500 м аралыгын бекемдөө;
3. Баткен районунун Суу-Башы айыл аймагындагы туристер үчүн кароо аянтчасын куруу;
4. Кадамжай шаарына муниципиалдык бардык мезгил үчүн жабык спорттук суу бассейинин куруу;
5. Айдаркен шаарына муниципалдык таш майдалоочу жана темир бетон курулуш материалдарын өндүрүүчү цех ачуу;
6. Кадамжай районунун Бирлик айыл аймагына муниципалдык айыл чарба продукцияларын сактоочу борбор куруу;
7. Лейлек районунун Кайрагач айылына үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратын жаңыдан куруу;
8. Лейлек айыл аймагындагы Баул айылына үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратын жаңыдан куруу;
9. Лейлек районунун Айбике айылына үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратын жаңыдан куруу;
10. Лейлек районунун Саркент, Ак-Суу дарыясынын жээгине 2500 метр узундуктагы таш дамба каналын куруу;
11. Баткен шаарынын Чет-Булак кварталына соода сатык борборун куруу иштерин улантуу;
12. Баткен шаарынын Чет-Булак кварталына муниципалдык автобекет куруу иштерин улантуу;
13. Баткен шаарынын Чет-Булак кварталынындагы өнөр жай комплексинин инфратүзүмүн жакшыртуу жана долбоордук-сметалык документациясын даярдоо;
14. Кызыл-Кыя шаарынын Сухой-Сай участогунда дʏң соода комплексин куруу иштерин улантуу;
15. Кызыл-Кыя шаарынын аймагына мейманкана куруу;
16. Кызыл-Кыя шаарынын аймагына 2 Үй бүлɵлүк дарыгерлер тобунун имараттарын куруу долбоору.
Аталган 23 долбоордун ичинде каржылоосу жылдан-жылга уланып курулуучу ири долбоорлор да бар.